Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

«Кийимдери жок табылган». Сузактагы сайда жансыз денеси табылган кыз боюнча киши өлтүрүү беренеси менен иш козголду

16:26 28.11.2021
0
«Кийимдери жок табылган». Сузактагы сайда жансыз денеси табылган кыз боюнча киши өлтүрүү беренеси менен иш козголду

Сузакта дайынсыз болуп, изделип жаткан 9 жаштагы кыздын жансыз денеси бүгүн, 28-ноябрда табылган. Жалал-Абад ОИИБи маалымат таратып, кыздын үстүндө кийимдери жок абалда болгонун билдиришти.

18-ноябрда Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун тургуну 1984-жылы туулган Уткирбек Сулайманов ошол эле күнү саат 12:40 чамаларында кызы 2012-жылы туулган Сумая Хосилжанова үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип, арыз менен кайрылган.

«Дайынсыз болуп жаткан кызды издөө иштерине жалпысынан 63 милиция кызматкери, 250 элдик кошуун жана коомчулуктан 150 ыктыярчы тартылып, Сузак айылынын 8540 кожолук, курулуп бүтпөй кароосуз калган 14 имарат, кароосуз калган 25 гараж, Жалал-Абад — Сузак каттамында каттаган 6 маршруттук таксилер жана 78 жеке таксилер текшерүүгө алынган. Атчан ыктыярчылар менен биргеликте эгин-талааларында да издөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле 29 камера текшерилген. Бирок кыз бир дагы видеокамерага түшкөн эмес. Издөө иштери Жалал-Абад шаарынын аймагында да улантылган», — деп айтылат маалыматта.

27-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында Сузак РИИБге балык уулап жүргөн 1967-жылы туулган Сузак районунун тургуну телефон чалып, Арал айылы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгинде жаш кыздын жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган. Айтылган дарекке Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу, Сузак РИИБдин начальниги жана орун басарлары, райондун прокурору жана РИИБдин тергөө-ыкчам топтору барышкан жана суунун жээгинен 3-4 метр аралыкта жаткан болжолу 8-12 жашар кыз кишинин жансыз денеси үстүндө кийимдери жок абалда табылган.

Жалал-Абад ОИИБи СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуя болгон жерде жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүлгөн учурда, оор жаракаттар жана дене мүчөлөрүнүн сынуусу байкалбаганын билдирди. Алгач бул факты Сузак РИИБге «табылган өлүк» болуп катталган. Текшерүү иштеринен кийин Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө кызматы тарабынан ар кандай божомолдордон турган иш-мерчемдер иштелип чыгып, кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:15 12.03.2026
0

Кечээ, 11-март күнү саат 12:20да Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу кабар келип түшкөн. Анда У.В. аттуу жаран Кара-Балта шаарындагы...

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:42 12.03.2026
0

10-март күнү саат 20:35 чамасында «102» кызматына белгисиз жүк ташуучу унаанын айдоочусу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранга карата зордуктоо кылмышын...

«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:37 12.03.2026
0

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына З.С. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, анда А.И.ге карата чара...

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:27 12.03.2026
0

9-мартта социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында «Facebook» социалдык тармагындагы «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт колдонуучусу аркылуу Кыргыз Республикасынын бийлигин каралоого жана...

УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:13 11.03.2026
0

УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында кечээ, 10-мартта 1980-жылы туулган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты К.К.К.га карата кылмыш иши козголду. Тергөө...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү