Нарында жасалма кир жуучу каражаттарды сатып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Нарын ШИИБдин кызматкерлери тарабынан Өзбекстандын 2 жараны кармалып, Тергөө кызматына жеткирилип, шектүүлөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жери жок болгондуктан бөгөт коюу чарасы катары тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин 2 айга №24 мекемесине камакка алынган. Ошондой эле, шектүүлөр мыйзамсыз киреше табуу максатында кир жуучу каражаттардын ичине туз менен толуктап жана сырттарын чаптап алышып, Нарын шаарында орун алган дүкөндөргө кир жуучу каражат деп алдоо жолу менен сатып жибергендиги аныкталган.