Кечээ, 23-июлда Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагындагы Киров суу сактагычына бир адам сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Издөө иштерине 6 куткаруучу, Талас шаардык ӨК бөлүмүнөн 6 куткаруучу жана милиция кызматкерлери тартылган. Сууга чөгүп кеткен 22 жаштагы жигит Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургуну болгон.
Куткаруучулардын издөө иши кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулуп, 24-июль күнү таң эрте улантылды.