Буга чейин ӨКМден Киров суу сактагычынан 13 жана 11 жаштагы өспүрүмдөрдүн жансыз денеси табылганын билдиришкен.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине алардын бир туугандар экени маалым болду. Маалыматты Талас ОИИБден тастыкташты.
- 24-июнда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Үч-Булак айылынын тургундары 2009 жана 2011-жылы туулган 2 эркек бала Киров суу сактагычына чөгүп кеткен. Жансыз денелери бир күндөн кийин табылган.