Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, 4 адам ооруканага жеткирилди (видео)

Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 5-август күнү Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 27-чакырымында Mercedes-Benz жана Ауди-100 үлгүсүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек (1967-жылы туулган Я.Х., 1990-жылы туулган А. уулу Э.) жана 2 жаш бала (2017-жылы туулган А.Э., 2015-жылы туулган А.Ж.) ар кандай жаракат алышкан.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды өтүп бара жаткан унаалар аркылуу Кочкор райондук ооруканага алып кетишкен. Жерине Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн.