«Кочкор райондук Суу чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери эмгек акы төлөө үчүн банктарга тапшырыла турган төлөмдүк ведомостторго жалган маалыматтарды киргизишкен. Алардын 2023-2024-жылдар аралыгында жалпысынан 1 миллион 559 миң 221 сом акча каражаттарды кымырып алышкандыгы аныкталган», — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.











