Кочкордо аял жана анын үч кызы иске ууланды

Кочкор районунун Теңдик айылында үйлөрдүн биринен аялдын жана анын үч кызынын жансыз денеси табылды. Алардын иске ууланып каза болушканы айтылып жатат. Тийиштүү экспертизалар дайындалган. Беш жаштагы бала аман калып, ал ооруканага жеткирилген.

Туугандарынын айтымында, маркум аял жолдошу менен ажырашып, балдары менен айылга көчүп келип, эки бөлмөлүү үйдө жашашчу. Телефон аркылуу чалууга жооп бербегени үчүн аялдын бир тууган агасы үйүнө келип, үйдөн карындашынын жана анын балдарынын жансыз денесин тапкан.