SUPERTV каналына чыккан Кочкор районундагы күйөөсү жубайын бычактап, өзү асынып алган окуя боюнча маркумдун эжеси СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кайрылып, келинден, ата-энесинен кечирим сураарын билдирди.
«Мен өткөнкү интервьюда айткан сөздөрүм үчүн кечирим сурайм. Ачууга алдырып эмне деримди билбей айтып алыптырмын. Айткан сөздөрүм үчүн кудагыйдан, келинден кечирим сурайм», — деген Майрамгүл Эгизбаева.
Эске салсак, буга чейин Майрамгүл Эгизбаева асынып алган инисин келинин көңүлдөшү менен кармап алган деп айыптаган.
Бетин жок , кечиримдин балекетин ал! Кудайдан корк, ойношту озун ойноп бироону каралабай акмак эле экенсин.