Кочкордо бычакталган келиндин кайнежеси жалган маалымат бергени үчүн кечирим сурады (аудио)

SUPERTV каналына чыккан Кочкор районундагы күйөөсү жубайын бычактап, өзү асынып алган окуя боюнча маркумдун эжеси СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кайрылып, келинден, ата-энесинен кечирим сураарын билдирди.

«Мен өткөнкү интервьюда айткан сөздөрүм үчүн кечирим сурайм. Ачууга алдырып эмне деримди билбей айтып алыптырмын. Айткан сөздөрүм үчүн кудагыйдан, келинден кечирим сурайм», — деген Майрамгүл Эгизбаева.

Эске салсак, буга чейин Майрамгүл Эгизбаева асынып алган инисин келинин көңүлдөшү менен кармап алган деп айыптаган.