17-январда SEREPTV’га Кочкор районунун тургуну кайрылып «Уурулар уул-келинимди арматура менен уруп, сейфти алып кетишти» деп окуя тууралуу маек курган эле. Ошол окуяга тиешеси бар делген шектүү кармалганын бүгүн, 25-январда ИИМден билдиришти.
«Кылмышка шектүү делип, Нарын облусунун тургуну 1982-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды. Ал Нарын ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди» — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле тинтүү учурунда кылмышкерден буюм далилдери алынган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда. Маалыматтарга ылайык, сейфте 500 миң сом акча каражаты болгон.
Жабырлануучунун атасы окуя тууралуу SEREPTV’га буларды айтып берген эле: «7-январь түнкү саат 01:00-02:00 чамасы болчу. Келиним менен уулумду арматура менен жыга чаап, сейфти алып кетишти. Милиция келип, аракет кылып издеп жатышат. Уулумду жаткан жеринде эле чапкан деп жатабыз. Анан келиним ызылдай баштаганда аны чааптыр. Абалдары адам чыдагыс болчу. Азыр алар Бишкекте. Экөө тең операция болду».