Кочкордогу жол кырсыкта 4 адам көз жумду. Анын экөөсү бала

Кочкордо жол кырсыгы катталып, 4 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 125-чакырымында катталган. Анда КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Audi 100 үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн.

Мындан улам жерине 5 куткаруучу тартылып, адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам каза болуп, 2 эркек киши жабыркаган. Жабыркагандар Тез жардам кызматы аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

Каза болгондор:

— 1999-жылы туулган М. уулу К.

— 1950-жылы туулган (аял киши) И.К.

— 2009-жылы туулган кыз С.А.

— 2017-жылы туулган кыз С.А.

Жабыркагандар:

— 1999-жылы туулган М. уулу Ы.

— 2006-жылы туулган Д.О.