Кой-Таш окуясы. Равшан Жээнбековду Түркияга дарыланууга жөнөтүүнү суранышты

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланууда. Алмазбек Атамбаев сотко жеткирилген жок. Ошону менен бирге айрым адвокаттардын жок экени да маалым болду.

Жыйындын жүрүшүндө Равшан Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошев ага чет өлкөдө дарыланууга уруксат бериши керек экенин айтып, кайрылды. «Равшан Жээнбеков фиброз менен ооруйт. Ал жерде медициналык жабдуулар жана тиешелүү адистер бар экенин эске алып, Түркияга кетүүгө уруксат берүүнү суранабыз. Жээнбековго карата ишти өзүнчө өндүрүшкө бөлүп, токтотууну суранабыз», — деди ал.

Равшан Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын башка үзөңгүлөштөрү менен бирге Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталууда.