Кой-Таш окуясы. Соттук отурум кийинкиге жылдырылды

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окусы боюнча соттук отурум өтмөк.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев сотко алып келинген эмес. Ошол эле учурда депутат Ирина Карамушкина да, адвокаттар да сотко келген эмес. Эл өкүлүнүн жактоочусу анын ооруп жатканын айтып, маалымдама көрсөттү. Ошентип соттук отурум 25-октябрга жылдырылды.

Буга чейин судья үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген. Ошентип, Атамбаев Кой-Таш айылынан жерди мыйзамсыз алууга, мыйзамсыз баюуга жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандыкка айыпталууда.