31-август күнү Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданында көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайлап бузуп, бейбаштык жасаган 65 жаран милицияга жеткирилген. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Анын ичинен 54 жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-берене майда бейбаштык менен протоколдор түзүлдү. Ал эми 9 жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 280-берене бейбаштык менен кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Ал эми 5 жарандын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка калтырылды. 2 жаран сурак берүүдө. Азыркы учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери улантылууда.