12-ноябрь күнү жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкердин демөөрчүлүгү менен көк бөрү оюну жана кечки тамак уюштурулуп, жарандарга акча каражаты таратылып, добуш сатып алуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашты.
Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн Аламүдүн РИИБине жөнөтүлгөн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 12-ноябрь күнү саат 13:00дө Аламүдүн районунун Кайырма айылында Байтик Баатыр айыл аймагынан жергиликтүү кенешитин депутаттыгына талапкер С.А. аттуу жаран добуш топтоо, элдердин добушун сатып алуу максатында, Арчалы, Кайырма, Байгелди, Байтик айылдарынан 10го жакын команда чогултуп, көк бөрү оюнун өткөргөндүгү белгилүү болгон. Ошондой эле, бул оюндун жүрүшүндө талапкердин К.У. аттуу тууганы алдыдагы шайлоодо талапкерди колдоону суранган. Иш-чаранын соңунда С.А. 1-орун үчүн 10 000 сом, экинчи орун үчүн бир кой жана үчүнчү орун үчүн 5000 сом жана андан сырткары үч оюнчуга 3000 сомдон берип, майрамдык тамак уюштурганы аныкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан депутаттыкка талапкер С.А. аттуу жаран Аламүдүн РИИБге чакыртылып, жогорудагы факт боюнча суралып, окуя боюнча далилдер алынган. Учурда тергөө иштери уланууда. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен С.А.нын иш-аракетине юридикалык баа берилип, чечим кабыл алынат.