Көк-Жар кичи районунда Honda Fit унаасы кичинекей кызды сүзүп, тебелеп кеткени тартылган видео тараган. Кырсык боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти.
Маалыматка караганда, 27-октябрда 7-апрель менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода дүкөндөрүнүн биринин алдында бөбөктү унаа тебелеп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Honda Fit унаасынын 2000-жылы туулган айдоочусу 2022-жылы туулган М.А.ны көрбөй калып, тепсеп кеткен. Учурда унаа айып короого киргизилген. Бөбөккө карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бөбөктүн ата-энеси амбулатордук жардам алууга кайрылган. Териштирүү уланып жатат.