Буга чейин «Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылды» деген видео тараган. Кырсык боюнча Октябрь РИИБден маалымат беришкен.
Бүгүн, 19-январда саат 08:54 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Көк-Жар жаңы конушунун Сейтек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жарылуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу барып, 1-кабаттагы батирдин ашканасында газ түтүкчөсү жарылганын аныкташкан. Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-өрт-техникалык экспертиза дайындалды. Жарылуудан батирдин терезелери талкаланган. Жабырлануучулар медициналык мекемеге жеткирилген.
Социалдык тармактарда газ жарылган учурдун видеосу тарады.