«Көкүрөгүнө бычак сайгылап жатканда коңшулары ажыратып калган». Ошто 58 жаштагы аял жандандыруу бөлүмүндө жатат

Ошто 58 жаштагы аял бычактан алган жаракаттарынан улам оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-апрель күнү Ош шаарынын Калинин конушунун 58 жаштагы тургуну (аял киши) денесинин төрт жеринен бычакталып, оор абалда Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө коӊшулары тарабынан жеткирилген. Ак халатчандардын жана коӊшуларынын ыкчам аракетинен улам аял кишинин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон.

Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барышып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары жабырлануучу аялдын жолдошу — 1959-жылы туулган жаран кармалды.

«Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, 7-апрель күнү Ош шаарынын тургуну өз үйүнүн короосунда, өз аялын өлтүрүү максатында алдын ала даярдаган ашкана бычагы менен көкүрөк тушуна бир нече ирет сайгылап жаткан учурда, ызы-чууну угушуп жетип келишкен коӊшулары тарабынан тараптар ажыратылган. Жабырлануучу коӊшулары тарабынан Ош облустук ооруканага жеткирилген. Жубайлардын ортосундагы чыр өз ара келишпестиктен улам келип чыккан. Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.