Бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
«Мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Көлбаев менен тыгыз байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө, Бажы кызматында ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдар аныкталды. Такталгандай, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери криминалдык авторитет Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимов менен тыгыз байланышта болушканы аныкталды. Буга байланыштуу Бажы кызматынын жогоруда аталган кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулду.
Ошол эле учурда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы жана ведомстволордогу абийирсиз кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерин улантууда. Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.







