26-май күнү Өзгөн районунун Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуя болгон. «Политклиника» медиасы келиндин жакындарынан маек алды.
«Мен мындай болот деп ойлогон эмесмин. Жаңжал болбосун деп линейкага катышып алып эле кеткен. Үйгө барып ушул күндү көрдү. Чырактай кызым кетип калды. Эмне кылышымды билбейм. Мыкаачылык менен өлтүрдү. Мылтык менен атып, колдору үзүлүп кетиптир.
Буга чейин уруш-талаш болгон эмес. «Апа, мындай болду» деп айтпайт эле. Кызым эстүү, зирек, намыскөй эле. Балдарынын алды студент. Айлам жок. Балдары да ошол мыкаачынын колунда калабы деп ойлойм. Чындап жакшы көрсө, ушундай жолго барат беле?
Кол кармашып чыгыптыр дешет. Мен аны өз көзүм менен көргөн эмесмин. Көргөндөр андай эмес экенин айтып жатышат. Иш-чарасы бүтөйүн деген учурда барып калыптырмын. Кызым ресторанга барган жок. «Канча жылдан бери классташтарын көрө элек, жакшы эле отура кетпейсиңерби. Сен чогуу бара бер» десем, күйөө балам «жок» деди. «Өзүңөр билесиңер да» деп жөнөттүм», — деди апасы.









