“Колу байланып, жип менен муунтулган”. Кадамжайда 14 жаштагы кыз киши колдуу болду

Кадамжайда киши колдуу болгон жашы жете элек кыз табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында милицияга телефон аркылуу Кадамжай районунун Ноогардан айылында жайгашкан бакчанын багында белгисиз аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы маалымдалган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.

Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош-Раззаков автожолунун 146-чакырымында өзүнүн малын багып жүрүп, сел өтүүчү тоннелдин ичинде белгисиз аял кишинин жансыз денеси жаткандыгын көрүп, “112” кызматына кабар берген. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнүн тактоо учурунда ал Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 1997-жылы туулган М.Ш., 1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар кармалып убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча далилдерди алуу максатында Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган шектүүнүн үйүнө кечиктирилгис жагдайда тинтүү жүргүзүлүп, анын Хендай Соната үлгүсүндөгү унаа далил катары алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Социалдык тармактарга киши колдуу болгон кыздын сүрөтү тарады.