«Колу-буту байланган абалда болгон». Чүйдө жансыз денеси каналдан табылган жаран 1 айдан бери изделип жаткан

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, 4 күндөн бери суудан изделип жаткан жарандын жансыз денеси Чүй каналынан табылганын билдирген. Маркумдун буга чейин изделип жаткан 1989-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Анын киши колдуу болгону аныкталып, кылмышка шектүү катары 2000 жана 1991-жылы туулган жарандар кармалган.

Милициянын маалыматына караганда, маркумдун колу-буту байланган абалда болгон. Ошондой эле маркум 19-декабрдан бери Аламүдүн РИИБде дайынсыз болуп жаткандардын тизмесинде болчу. Кылмышка шектүүлөр 19-декабрда шектүүлөр жаранды сабап, колу-бутун байлап, сууга ыргытып жибергенин мойнуна алышкан.