Колун жууп жатып тайып жыгылып, Чычкан суусуна агып кеткен аялдын жансыз денеси бүгүн да изделип жатат

Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында 1960-жылы туулган аял киши Чычкан суусуна агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, аял киши сууга колун жууп жатып тайып жыгылган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Бүгүн, 3-август күнү улантылат.