Колун жууп жатып тайып жыгылып, Чычкан суусуна агып кеткен аялдын сөөгү 1 айдан ашык убакытта табылды

1-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында 1960-жылы туулган аял киши Чычкан суусуна колун жууп жатып тайып жыгылып, сууга агып кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Чычкан суусунда аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анын жогоруда айтылган аял киши экендиги белгилүү болгон. Жерине Токтогул райондук №97 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.