«Көп кабатуу үйлөрдүн бирине алып барып…» Ысык-Көлдө 9 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасоого шектүү кармалды

Ысык-Көлдө өспүрүмгө карата ыплас аракеттерди кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-июль күнү Балыкчы ШИИБге жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз жаран анын тогуз жаштагы кызына карата адепсиз жоруктарды жасаганын билдирген. Арыз ээсинин айтымында, ошол күнү саат 18:30дар чамасында белгисиз жигит кызын көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып барып, өспүрүмгө карата жыныстык катнашсыз ыплас аракеттерди көргөн. Ал эми өтүп бараткан адамдарды көрүп калганда, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты Балыкчы ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренси (ыплас аракеттер) менен кылмыш иш козголгон.

Өспүрүмдү мыйзамдуу өкүлдүн катышуусунда сураганда, кыз милиция кызматкерлерине аны токтоткон жигит болжол менен 25-30 жаштардагы, толмоч экенин, андан спирт жыттанганын айткан. Кылмышка шектүү жаран аныкталып, кармалган. Ал Нарын облусунун тургуну, шаардагы эс алуу үйлөрдүн биринде келишимдик негизде иштеген 28 жаштагы жигит болуп чыккан.  Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.