Бишкекте түндө Кийизбаева жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн алдынан табылган аялдын денесинен күч колдонуп өлтүрүлгөн белгилер байкалган жок. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов райондук ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, маркум 45-50 жаштардагы, европа түспөлүндөгү аял. Бул факты райондук милициянын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Көпүрөнүн астынан жансыз дене табылганы тууралуу маалыматты ӨКМ тараткан. 5 куткаруучу сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.