Бишкекте түндө көпүрөнүн алдынан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, «102» кызматына Кийизбаева жана 7-Апрель көчөлөрүндөгү көпүрөнүн алдында аялдын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ӨКМдин кызматкерлери барып жансыз денени көпүрөнүн алдынан алып чыгуу иштерин жүргүзүшкөн. 5 куткаруучу сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.