Казакстандын Кордай районунун Кордай – Отар аралыгы 80 чакырымдык унаа жолунун Кордай ашуусунда карга тыгылып калган жана жолдон чыгып кеткен 3 оор жүк ташуучу, 1 жеңил унааны чыгарышты. Мындан тышкары, Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан «Бишкек – Алмата» кафесинде 150 адамга ылайык жылынуучу жай уюштурулду.