“Коррупцияга каршы элдик кыймылдын” башчысы беш ай өтпөй дагы кармалды

12-июнда “Коррупцияга каршы элдик кыймыл” коомдук бирикмесинин төрагасы К.А.С. жана аталган коомдук бирикменин Чүй облусу боюнча координатору С.К.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде (Уюшкан топ тарабынан опузалап талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти.
Бул адамдар текшерүүчү органдар тарабынан текшерүүлөрдү уюштурабыз деп коркутуу менен системалуу түрдө опузалоо менен алектенишкен. Коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө К.А.С. жана С.К.М. курулуш иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тендерин утуп алган экономикалык ишкерлик жүргүзүүчү субъекттердин биринин өкүлдөрүнөн 700 миң сом өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган. Ошол эле учурда кармалгандар опузаланган акчанын 70 миң сомун банктык которуу жолу менен алышкан.
Кармалган К.А.С. 2023-жылдын февраль айында ушул сыяктуу кылмышты жасагандыгы үчүн 20 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Ошол эле учурда, соттун чечими менен ал үй камагына бошотулуп, 12-апрелде 20 миң сом айып салуу өкүмү чыккан. Бул жагдай Чүй облусунун Кемин районунун тургундарынын нааразычылыгын жаратып, алар К.А.С. мыйзамдын күчөтүлгөн тартибинде жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен президентке, башкы прокурорго жана УКМКнын төрагасына ачык кайрылышкан.