“Акиф” эт базарынын негиздөөчүсү жана директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан салык мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, «Ош базарынын» аймагындагы «Фирма Акиф» ЖЧКсынын эт базарында ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды.
Тактап айтканда, «Акиф Фирма» ЖЧКсы кош бухгалтердик эсепти түзүп, соода жайларын жана орундарын ижарага берүү үчүн чогултулган каражаттар тийиштүү түрдө документтештирилбей, финансылык документтерде эсепке алынбастан төлөм жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда базар жетекчилери күн сайын ижарачылардан 100 миң сомго жакын акча чогултуп, бирок жеке баюу жана салык төлөөдөн качуу максатында каржылык отчеттордо алынган пайданын көлөмүн 90 пайызга чейин кем баалашкан.
Ошондой эле, «Акиф Фирма» ЖЧКсынын жетекчилери алдамчылык аракеттери менен өзгөчө ири өлчөмдө жабырлануучунун мүлкүн тартып алганы аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 14-февралда төмөндөгү жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди:
1. 1965-жылы туулган Ф.С.В., «Акиф Фирма» ЖЧКсынын негиздөөчүсү.
2. 1973-жылы туулган К.Н.А., «Акиф Фирма» ЖЧКсынын башкаруучу директору.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.











