20-сентябрда 36 жаштагы Асел Ногойбаева кулак-мурду кескиленген абалда ооруканага түшкөн. Бул ишти анын мурдагы күйөөсү кылганы, кийин анын камакка алынганы маалым болгон. Бүгүнкү күнү келиндин абалы туруктуу. Асел Ногойбаева алгачкы жолу дал ошол каргашалуу окуя тууралуу SUPERTV телеканалына айтып берди.
«Муунтту. Балам ыйлап жатты. Дем жетпей эс-учумду жоготтум. Түш сыяктуу эле жата бердим. Ошол эле ашканада ойгондум. Дубалга жөлөп коюптур. Балам дагы эле ыйлап жатыптыр. Жердин баары кан экен. Менден да кан агып жатыптыр. Эмне болгонун түшүнгөн жокмун. Балам зал жактан чыкпай ыйлап жатты. Ойгонуп, суу сурай бердим. Ал пол жууган чакага кан аралаш суу алып келди. Айла жок ошону ичтим. Кире бериште отурганымды билем. 2 милиция кызматкери шейшепке ороп жатканын, унаага отургузуп, ооруканага алып киргенин билем. Сокулуктун ооруканасына барып, кушеткага жатканда эс-учумду жоготтум. Башка эч нерсе эсимде жок», — деди ал.