Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды (видео)

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бүгүн, 5-сентябрда Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү — 1984-жылы туулган Абдулдабеков Эдил Муратович, 1993-жылы туулган Дөөлөтбек уулу Бекзат, 1972-жылы туулган Лепихин Александр Александрович, 1972-жылы туулган Кирчанов Дмитрий Викторович, 1895-жылы туулган Токтакунов Кенешбек Шайлобекович, 2001-жылы туулган Тыныбек уулу Мээримбек кармалып, камакка алынды. Алар кылмыштуу топту уюштуруп, алардын аракетинде кылмыштын белгилери байкалып, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алууга шектелүүдө.