2021-жылы экс-депутат Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 миллиард сом (11 миллион 976 доллар) акчалай жана мүлк түрүндө төлөдү. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн маалымат жыйында билдирди.
«Анын 45 миллион сомун акчалай төлөп, андан сырткары 955 миллион сомго бааланган Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводун мамлекетке өткөрүп берген», — деди комитет жетекчиси.