«Кудайберген» базарында бычакталган жигит көз жумду

Бишкектеги «Кудайберген» базарында адам өмүрү кыйылганын бүгүн, 9-апрелде Анна Богданова билдирди. Анын маалыматы боюнча, иниси Артур Богданов 3-апрелде саат 15:39 чамасында бычакталып, оор жаракаттын кесепетинен көз жумган.

«Артур ошол базарда иштеп жүргөн. Ошол күнү 3 дос барыптыр. Алардын ортосунда уруш чыккан», — деди Богданова. Анын айтымында, шектүү ага бычак шилтеген.

«Милиция дароо эле келди. Жанындагы 2 адам кармалып, бирок кайра бошотулган. Алар күбө болушат деп айтышты. Шектүү кармала элек», — деди маркумдун эжеси.

Богданованын маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери арызды дароо кабыл алышкан эмес. Жабырлануучу тарап шектүү Кыргызстандан чыгып кеткен деген маалыматты алышкан.

32 жаштагы Артур Богдановдун артында баласы жана кош бойлуу жубайы калды.