«Кудайберген» базарындагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 бөлүм, Бишкек башкармалыгынан штаб, ыкчам топ тартылган. Өрт саат 17:45те чектөөгө алынган, саат 20:57де толук өчүрүлгөн.
Болжол менен өрттүн аянтты 500 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу 20 контейнер күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.