СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине атын атагысы келбеген жаран Ысык-Көлдө кыз менен жигиттин өмүрүн алган кырсыкка күбө болгонун айтып, өз көзү менен көргөндөрдү айтып берди.
«Биз ошол учурда жээкте болчубуз. Алар жээктен бир топ эле алыс жүрүшкөн. Бир маалда эле жардам сурап кыйкырып калышты. «Дарыгерлер барбы?» деп чуркап жүрүштү. Мен медик болгондуктан жардам берүүнү туура көрдүм. Жигитти жээкке алып чыкканда, жүрөгү согуп жаткан. Жилетин чечип эле, биринчи жардам көрсөтө баштадык. Тез жардам чакырып, ал келди. Экинчи кайык менен кызды алып келишти. Алып келгенде эле кыздын кулагынан, мурдунан, оозунан кан агып жаткан экен. Башы жарылып кеткен окшойт. Кыздын абалы оор болчу, бирок тирүү эле. Канды тазаладык. Тазалаган соң, кан чыккан жок. Ал эми дагы бир кыздын сыртында жаракат жок болчу, бирок кабыргасын кармап отурган»,— деди күбө.
- 23-июль күнү саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайларынын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунганы белгилүү болгон. Кесепетинен үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген. Жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн ошол эле күндүн түн чамасында көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Шектүү кармалып, алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
Айланайын туугандар! Бул кырсык кандай болду? Бири «банан» теплоходго урунду десе, бири скутер коюп кетти деп жатышат. Кайсынысы туура? Аябай жаман иш болду. Каза болгондордун ыйманы саламатта болсун!😥😢😭