«Кулап түштү» дешкен». Жалал-Абадда 34 жаштагы тургун ооруканада эсине келбей көз жумду

Жалал-Абадда 34 жаштагы жаран ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-июнга караган түнү Кара-Көл шаарынын 34 жаштагы 2-топтогу майып тургуну кулап түштү делип ооруканага жаткырылган. Ал өзүнө келбей 29-июнь күнү каза болгон. Бул окуя боюнча Кара-Көл ШИИБ тарабынан алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүп, өзү жыгылбай эле, белгисиз жаран тарабынан денесине жараат келтиргендиги такталган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Кара-Көл ШИИБге катталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин (денеге оор залал келтирүү) негизинде сотко чейинки текшерүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө жана издөө иштери уланууда.