«Кумтөр» иши боюнча кармалган экс-премьер Жоомарт Оторбаев 30-сентябрга чейин камакта калтырылды

Бүгүн, 18-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин бөгөт чарасы каралды. Соттун чечими менен ал 30-сентябрга чейин УКМКнын абагында камакта калтырылды. Бул тууралуу журналисттерге анын адвокаты Нурлан Сыдыков билдирди.

Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда УКМК тарабынан кармалган. Кийинчерээк анын «Кумтөр Голд Компанинин» чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук бергени айтылган.