Мурдагы биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, айып пулга жыгылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
«Биринчи Май райондук сотунун 4-февралдагы өкүмүнө ылайык, Тайырбек Сарпашев Жазык кодексинин 42-беренеси, 319-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, ага карата мамлекеттин пайдасына 260 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза белгиленди», — деп айтылат маалыматта.
Тайырбек Сарпашев 18-июнда УКМК тарабынан кармалган. 19-июнда Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынган болчу. Кийинчерээк анын бөгөт чарасы өзгөртүлгөнү, тил кат менен бошотулганы маалым болгон. 8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экс-вице-премьердин УКМК менен кызматташууга барганын айткан. «Биринчи вице-премьер болуп турган маалында жасаган кылмыштары боюнча баалуу маалыматтарды берди. Ал адам тергөө менен макулдашып, үй камагына чыгардык. Бирок ал ар бир күн суракка келип жатат. Ал эми мыйзамсыз баюу боюнча башка иш. Аны өзүнчө карайбыз», — деген төрага.











