УКМК жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана конституциялык түзүлүштүн негиздерин коргоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жарандардын өлүмү менен байланышкан массалык баш аламандыктарды уюштуруу жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу күч колдонуу менен бийликти басып алууну пландаган деструктивдүү топтун мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт койду.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган топ криминалдык идеологияны колдогон, ошондой эле диний идеологияны фанатизм менен карманган адамдардан түзүлгөндүгү такталды. Кармалгандардын жашаган жерин жана пайдаланган транспорт каражаттарын тинтүү учурунда колго жасалган жардыргыч түзүлүштөрдүн тетиктери, ок атуучу куралдар, ок-дарылар, рациялар, ок өтпөс кийимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кийимдери, дрондор, экстремисттик адабияттар, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылып алынды. Учурда бул боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн масштабдуу ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 15 адамдан турган туруктуу уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) ишмердүүлүгү токтотулду. Аталган жактар...
Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБна А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 30-январда саат 18:00 чамасында Чүй проспектиси менен...
5-февралда Ысык-Ата РИИБине 1981-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 5-февралда...
Ош облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан “Бандит” аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чара учурунда Кара-Суу районунун аймагында ортого акча коюп, кумар оюну катары короз...