Биринчи Май РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү тарабынан коомдук жайда майда бейбаштык жасаган жарандарга карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
21-июлда социалдык тармактарда Манас проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде белгисиз жарандардын урушуп жаткан видеосу тараган. Маалыматтарга караганда, курьер жаш ата сүйрөп бара жаткан колясканы сүзүп алган. Мындан улам экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Аталган маалымат Биринчи Май РИИБи тарабынан каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2002 жана 1996-жылы туулган жарандар аныкталып, 126-(майда бейбаштык) беренесине ылайык протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, эки тарап өз ара элдешип алышканын жана бири-бирине дооматтары жок экендигин билдиришкен.
Посмотреть эту публикацию в Instagram








