Курсан Асанов №50 тергөө абагында калтырылды

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокатынын доо арызынын негизинде соттук отурум болуп өттү.

Ал буга чейин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен СИЗО-50гө киргизилген жана анын 14-ноябрга чейин камакта болору маалым болгон. Бүгүнкү соттук отурумда ал камакта СИЗО-50дө калтырылды.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармакка жарыяланган. Аудио жазууда Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жазуу түрүндө көрсөтүлгөн. 15-сентябрда бул аудио боюнча бир нече саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышкан. Ал эми Асанов камакка алынган.