Курсан Асанов менен сүйлөштү делген Алмаз Сарыбаев да үй камагына чыкты

«Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев үй камагына чыкты. Мындай чечимди бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык соту чыгарды. Ал 14-мартка чейин үй камагында болот.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармакка жарыяланган. Аудио жазууда Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жазуу түрүндө көрсөтүлгөн. 15-сентябрда бул аудио боюнча бир нече саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышкан. Ал эми Алмаз Сарыбаев менен Курсан Асанов камакка алынган. Бүгүн Курсан Асанов үй камагына чыкты.