Курсан Асанов СИЗО-50гө 2 айга камакка алынды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов СИЗО-50гө киргизилди. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ал 14-ноябрга чейин камакта болот. 

СИЗО-50 Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан. Анда өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер, анын ичинде террористтер, кайталанган кылмышкерлер жана уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалат. Бул өзгөчө режимдеги тергөө абагы.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармакка жарыяланган. Аудио жазууда Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жазуу түрүндө көрсөтүлгөн. Кечээ, 15-сентябрда бул аудио боюнча бир нече саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышты.