Курсан Асановдун бөгөт чарасын кароо кийинкиге жылдырылды

Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаардык соту Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча ишти кароону кийинкиге калтырды.

Асановду сот отурумуна алып келишкен жок. Буга байланыштуу жыйын 8-октябрга жылдырылды.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармакка жарыяланган. Аудио жазууда Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жазуу түрүндө көрсөтүлгөн. 15-сентябрда бул аудио боюнча бир нече саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышкан. Курсан Асанов соттун чечими менен 2 айга СИЗО-50гө киргизилген.