«Күйөө балам кызымды малдай мууздап салып, өзү асынып алды. Кудаларым келип сурап койгон жок», — дейт кейиген эне. Экинчи тарап эмне дейт? (видео)

SUPERTV каналына Кочкор районунун тургуну Жумабүбү Эшенкулова кайрылып, күйөө баласы кызын бычактап өзү асынып алганын айтты. «Кызым тилге келе элек, анын майып болуп калышы да мүмкүн болуп жатат. Куда-кудагыйым бир басып келип кызымдын абалын сурап койгон жок» дейт нааразы болгон эне.

 

Кызым кайын журту менен чогуу жашачу. Өздөрүнчө бөлүнүп жашаганына аз эле болгон. Эмнеге мындай окуя болду, себебин билбей жатам. Күйөө балам кызымды мал сойгондой эле мууздап, кекиртегин кесип салып өзү барып асынып алыптыр. Дагы жакшы, кан тамырына тийбей калган экен. Кан тамырына тийсе ошол жерде жан бермек дешти.

Учурда кызым оор абалда ооруканада реанимацияда жатат. Тилге келе элек. Мени кадам бастырбайт. Күйөөсү бычактаганынан абдан коркуп калган окшойт. Кичине турсам эле кетпе дегендей ишарат кылып алаңдап кетет.

Менин нааразы болгонум, кызымдын ушундай абалда калганын билип туруп куда-кудагыйым бир басып келип сурап коюшкан жок. Күйөө балам экөөнүн ортосунда 4 баласы бар болчу. Баласы өлүп калса эле кызым аларга жат адам болуп калбайт да. Неберелеринин энеси. Бир кабарын алып коюшканга жарашкан жок», — дейт нааразы болгон эне.

Ал эми келинди бычактап асынып алган маркумдун эжеси Майрамгүл Эгизбаева чыр эмнеден чыкканын төмөнкүчө түшүндүргөн.

Эртең менен экөө уруша кетип, иним келинге бычак сайып алып өлтүрүп алдым деп өзү асынып алган. Негизи келин ойношу менен кармалган экен. Ошонун негизинде чыр чыккан. Алардын сүйлөшүүлөрүнүн далилдери да бар», — деген Майрамгүл айым.