Бишкекте күйөөсүнөн зомбулук көргөн карындашын коргойм деген агасы камакка алынган. «Мени сабаган күйөөм эркиндикте жүрүп, коргойм деген агам камакта калды» деген аял жарандык активисттер менен биргеликте Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын астында митинг уюштурду.
25 жаштагы Мадина Исакованын SUPERTV каналына берген маалыматына ылайык, 14-апрелде ал күйөөсү тарабынан сабалып, эжесине телефон чалып үйүнө алып кетүүсүн суранган. Эжеси агасы менен чогуу келгенде агасы карындашына болушам деп күйөөсү менен мушташа кеткен. Жыйынтыгында Мадинанын күйөөсүнүн бир көзү көрбөй калган. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Мадинанын агасы «ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси боюнча кармалган. Ал эми аны зомбулук көрсөтүп келген күйөөсү эркиндикте жүргөнүн айтат жабырлануучу.
Окуянын чоо-жайы тууралуу саналуу убакыттан кийин SUPERTV каналынан сюжет көрө аласыздар.