«Кылмышка күбө болчу». Милиция жаранды кыйкыртып унаага салып кеткен окуя боюнча үн катты

Кечээ, 4-ноябрда социалдык тармактарда милиция кызматкерлеринин эркек кишини унаага күч менен отургузуп жаткандагы видео тараган. Окуя боюнча Ленин РИИБинен маалымат беришти.

Ушул жылдын 8-августунда Ленин РИИБге аял киши кайрылып, Муромская көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине кирип, уюлдук телефонун уурдап кеткен жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кызматкерлер окуя боюнча 2003-жылы туулган күбөнү аныкташкан. Ал бир нече жолу көрсөтмө берүүгө чакырылган. Бирок ал себебин көрсөтпөстөн бөлүмгө келбей жүргөн. Ошондуктан милицияга аны алып келүүгө буйрук берилген. Ал РИИБге өз ыктыяры менен баруудан баш тартып, кыйкыра баштаган. Күбө Ленин РИИБге жеткирилип, көрсөтмө берген соң үйүнө жөнөтүлдү.