Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңгизаттардын оор түрүн ташуу менен алектенген адамдардын кылмышынын бетин ачты.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 26-январда ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында Хонда Степвагон үлгүсүндөгү автоунаа баңгизаттын оор түрүн Ош шаарынан Чүй облусуна ташып бара жатканы аныкталган.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, маршруттук таксинин айдоочусуна белгисиз адамдар тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун айылдарынын бирине жеткирүү үчүн шек туудурган жүк берилген.
Ал жүккө кароо жүргүзүү учурунда кийимдеринин арасынан баштыкка оролгон, уксус ангидриди жытына ээ болгон зат табылган.
Экспертизанын корутундусу менен табылган зат 15 граммды түзгөн героин баңгизаты экени белгилүү болду. Шектүү кармалып, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.