«Күнөөлүүлөр табылган жок». Казак Башкы прокуратурасы Рузахунов менен Сыдыковду кыйноо боюнча ишти кыскартты

Казакстандын Башкы прокуратурасы 2022-жылдын январь окуясында кыргызстандык Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковду кыйноого алгандарды күнөөлүү деп тапкан жок. Бул тууралуу 24.kg жазды.

«Журналисттер Башкы прокуратурага суроо жөнөтүшүп, мындай жооп алышты: «Иликтөөнүн жыйынтыгында Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковду кыйноого шектелгендер аныктала элек. Кылмышка шектүүлөр аныкталбагандыктан, сотко чейинки тергөө мөөнөтү үзгүлтүккө учурады», — деп айтылат маалыматта.